ЖЫЛНААМА, 28-АВГУСТ: "Аскерлер", "Кыйраткыч күч" тасмалары аркылуу таанылган орус актёру Иван Жидков 34 жашка толду

Орусиялык белгилүү актёр, “Караңгы дүйнө”, “Кудайдын жылмаюусу же Одессанын тарыхы”, “А`га кайтып келүү” тасмалары жана “Аскерлер”, “Кыйраткыч күч” телесериалдары менен таанымал Иван Жидков 1983-жылы 28-августта жарык дүйнөгө келген. Ал кичинесинде арык, бат ооруп калгандыктан алсыз өспүрүм болуп чоңойгон. Ал гана эмес өз курагындагылардан бир топ жаш көрүнгөндүктөн кыздар ага такыр көңүл бурчу эмес.

Үй-бүлөсүндө чыгармачыл инсандар жок болгондуктан Ивандын атасы уулун Политехникалык окуу жайга тапшыртууну чечкен. Бирок мектепте эң начар окуучулардын катарына кирген Иван окуганга каалоосу жок экенин айткан. Ал бош убагында камераны колго алып, ар түрдүү скетч-шоулорду жасоодон ырахат алчу. Бир күнү жогорудагы жумушу менен алектенип жатканын көргөн атасы уулуна актёрдун окуусуна тапшырууну сунуштаган.

Окуу жайда окуп жүргөн кезинде белгилүү советтик жана орусиялык актёр, режиссёр Олег Табаков анын талантын байкап, өзүнүн “Табакерка” спектаклинен роль бөлүп берип, Жидковду Сергей Безруков менен салыштырарын айткан.

Жидков жана Безруков

Актёрго атактуулук алып келген деп “Аскерлер” телесериалындагы сержант Самсоновдун образын айтса болот. Дал ушул ролдон кийин ага сериалдарга тартылууга бир нече сунуштар түшкөн. Алардын катарында “Кыйраткыч күч” сериалындагы Константин Черемыкиндин образы жана 320 сериядан турган “Сүйүүдөй сүйүү” сериалындагы Лёня Лобовдун ролу да бар. Ошондой эле “Кара чагылган” тасмасындагы Максимдин ролун көптөр терс каарман катары баамдашат. Ал эми актёр өзү ал эл ойлогондой начар адам эмес экенин жана өзүнө ушул каармандын образы көбүрөөк жагарын айткан.

Жидковдун сүйүктүү тасмасы - “Терминатор 2”. Ал кичинекей кезинен тарта аталган тасманы 12 ирет көргөн жана азыркы кезге чейин Арнольд Шварценеггерди кумир тутат.

Иван тамакты мыкты жасайт жана достору актёрдун мындай талантына азыркыга чейин суктанып бүтпөй тургандыктарын айтып келишет. Бирок актёр убакыттын тардыгына байланыштуу кафелерден тамактанарын айткан.Мурунку жубайы Татьяна жана кызы Мария

Жубайы Татьяна Арнтгольц менен достору аркылуу кокустан таанышып калган. Ал учурда Таня белгилүү актриса болсо, Иван жаңыдан эл оозуна алына баштаган эле. Жылдыздары бат эле келишкен түгөйлөр бир нече ай сүйлөшүп жүргөн соң 2008-жылы баш кошуп, бир жылдан кийин Мария аттуу кыздуу болушкан. Бирок 2014-жылы белгисиз себептерден улам ажырашып кетишкен.

2015-жылы актёр жаңы сүйгөнү Лилия Соловьеваны коомчулук менен тааныштырып, үйлөнүүгө шашылбай тургандыгын билдирген.

Учурдагы сүйүктүүсү Лилия менен

Актёр Калининградда 8 жыл мурунку жубайы Татьяна менен кошуна жашап, коңшу мектепте окуп, кийин Москвада бир жатаканада коңшулаш жашаса да бири-бирин таанышчу эмес. Учурда экс-жубайлардын ата-энелери кошуна болуп жашашкандыктан, балдарынын ажырашып кеткенине карабай жакшы мамиледе экени айтылат.

28-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан