Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Отар Бестаев чейрек финалда түштүк кореялык спортчуга жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Отар Бестаев 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, түштүк кореялык Сеунгбе Жеонго туш келген. Беттештин жүрүшүндө кореялык спортчу Бестаевди көтөрүп чаап, алгачкы упайга ээ болду. Ага кыргыз спортчу 1 упай менен жооп кайтарды. Беттештин аягына 30 секунда калганда кореялык спортчу эсепти 2:1 кылган. Отар Бестаев ага жооп кайтара албай жеңилип калды.
Эске салсак, буга чейин Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде эквадордук Ленин Пресиадодон жеңилип калган.