Аламүдүн районунда карактоого шектелген үч жаран кармалды

Аламүдүн районунда карактоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-январында милиция кызматкерлерине 45 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, аялы экөөнү коркутуп, алтын зер буюмдарын жана 45 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Ж.Б., 23 жаштагы Ж.Д. жана 40 жаштагы А.К. кармалды. Алардын баары Ысык-Көл облусунун тургундары болушкан. Учурда алар Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилип, тергөө жүрүүдө", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан