ЖЫЛНААМА, 28-АВГУСТ: Ырчы Темир Назаров туулган күнүн жакындары менен чакан кечеде белгилей турганын айтат

Бүгүн, 28-августта белгилүү ырчы Темир Назаров 31 жашка толду. Ырчы туулган күнүн ыр жаздыруучу студияда тосконун жана алгачкылардан болуп кесиптештери куттуктаганын айтты.

"Кечээ түнү бою студияда ыр жаздырып, таңкы саат 4-5терде үйгө келдим. Туулган күнүм мени менен студияда чогуу отурган Мирлан Ниязов, Эдил Маматов, Нурлан Насип жана башка кесиптештеримдин куттуктоо сөздөрү менен башталды. Андан соң үй-бүлөм, ата-энем жакшы каалоо-тилектерин айтып, жакындарым азыркыга чейин телефон аркылуу байланышып жылуу сөздөрүн арнашууда. Ал эми кечинде сахналаш досторум менен биргеликте шишкебек бышырып, чакан кече өткөрүү алдында турабыз", - дейт ырчы.

“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2005-жылдын мыкты ырчы мырзасы” наамын алган Темир Назаров 1986-жылы 28-августта Ош облусунда туулган. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде жана ушул эле университеттин искусство жана эстрада бөлүмүндө билим алган. 2004-жылы "Туулган жер" аттуу ыры менен популярдуулукка жеткен.

28-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbegim_88
2017-08-30 07:28:21
Мектепте окуп жүргөн кезде номер 1 күйөрманы болчумун... жада калса Туулган жер аттуу ыры менен ыр сынактан 1-орунду багындырганмын... өмүрүңүз узүн болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан