Орусиялык Олимпиада чемпиону Юлия Липницкая карьерасын жыйынтыктады

Орусиялык Олимпиада чемпиону 19 жаштагы Юлия Липницкая спорттогу карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу спортчунун апасы билдиргенин жергиликтүү басылмалар бүгүн, 28-августта жазып чыгышты.

"Карьерасын жыйынтыктоо жөнүндөгү пландарын Муз үстүндө бийлөө боюнча федерациянын жетекчилигине маалымдаган. Бул тууралуу ал 2017-жылдын апрель айында анорексиядан (ички органдардын ооруга чалдыгып, бузулуп, кайра калыбына келбей тургандай өзгөрүүсү; өтө арыктоодон улам организм өзүндөгү булчуңдарды жеп башташы; адам өз салмагын көтөрө албай калуусу) улам Европада дарыланып келгенден кийин эле айткан", - деген спортчунун апасы.

Белгилей кетсек, Юлия Липницкая “Сочи-2014” Олимпиадасында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык эсепте алтын медаль тагынып, 15 жашта экенине карабай көрсөткөн ийгилиги менен дүйнө элин таң калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitowa11
2017-08-28 20:02:36
Айыгып кетсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан