94 жыл мурун англиялык актёр, режиссёр, продюсер Ричард Аттенборо Англиянын Кембридж шаарында 1923-жылы 29-августта туулган. "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарынын бир нече жолку ээси. Ал "Елизавета", "Юр доорунун паркы", "Юр доорунун паркы 2: Жоголгон дүйнө", "Доктор Дулиттл", "Феникстин учуусу" жана башка тасмаларында роль жараткан. Ал эми "Сүйүүдө жана согушта", "Көлөкөлөр өлкөсү", "Чаплин", "Ганди", "Жаш Уинстон" жана башка фильмдерине режиссёрлук кылган.