Бишкекте Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы жол кырсыгынан каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Тыныбек Кадыров каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, жол кырсыгынан каза болгонун тастыкташты.

"28-августтан 29-августка караган түнү саат 01:15те шаардын Тимур Фрунзе көчөсүнүн 58/3 дарегинде жайгашкан үйдүн жанындагы электр мамысын Тойота Ленд Крузер унаасы сүзүп алган. Натыйжада рулда бараткан Тыныбек Кадыров аттуу айдоочу каза болгон", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан