27-август күнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында музыка дүйнөсүндөгү эң таасирдүү делген "MTV Video Music Awards 2017" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Жыл сайын бул иш-чара жылдын мыкты клиптерин аныктайт.
Бул жылы көптөгөн номинацияларда жеңишке америкалык аткаруучу Кендрик Ламар жетишти. Ал өзүнүн "Humble" аттуу чыгармасы үчүн алты номинацияда сыйлык алды.
Жылдын мыкты артисти болуп Эд Ширан табылса, белгилүү дебютант болуп R&B аткаруучу Khalid табылды. Мындан сырткары таанымал рокер наамын "Twenty One Pilotsа" тобу алды. Ал эми эң мыкты саундтрек деп "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасына жазылган Зейн Малик жана Тейлор Свифттин аткаруусундагы "I Don't Wanna Live Forever" чыгармасы аталды.
Мындан кем калбаган кызыктар кызыл килем үстүндө болду. Бул жолу ырчы Кэти Перри өзүнүн ак түстөгү Stephane Roland көйнөгү менен өзүнө көпчүлүктүн көңүлүн бура алды.
Оливия Манндын түз буттарын Nicolas Jebran кыска көйнөгү баса белгилеп турду.
Ал эми Хейли Болдуин күйөрмандардын эсинде өзүнүн Zuhair Murad комбинезону менен калды.
Ал эми Майкл Жексондун кызы Пэрис Жексон бардыгынан айырмаланып, кечеге Christian Dior өзгөчө көйнөгүн кийип келген.
Мындан сырткары Жереми Скотт, Милли Бобби Браун, Жаред Лето, Хайди Клум, Ники Минаж жана башка жылдыздар өзүлөрүнүн эксклюзивдүү образдарын күйөрмандарына тартуулап өтүштү.