Жайыл районунда куралданган террордук топ жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, террордук топтун мүчөсү Т.И., Ж. уулу Ж. жана К.Днын жүргөн жери аныкталып, УКМКнын кызматкерлери тарабынан багынып берүү сунушу айтылган. Бирок алар макул болбой ок чыгарышкан. Мындан улам Т.И. жана К.Д. ошол жерден жок кылынган. Ал эми Ж. уулу Ж. ооруканага жеткирилген. Кызматкерлердин арасында жабыркагандар болгон жок.
"Окуя болгон жерде РГД-5 үлгүсүндөгү граната жана Макаров тапанчасы, бычак табылган. Алар "Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкерлерин тапанча, граната менен коркуткан" деп шектелип изделип жатышкан. Ошондой эле алардын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында теракт кылып, куралдуу кол салуу уюштурууну максат кылышканы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 24-августка караган түнү Ауэзов көчөсүндө Патрулдук милиция кызматкерлери жол эрежесин бузган Ниссан Пресаж үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документин текшерүү учурунда унаанын ичиндегилер милиция кызматкерлерин тапанча, граната менен коркутушуп, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
28-августта кылмышка шектүү катары М.Б. кармалып, унаасынан жана жашаган жеринен ок атуучу куралдар алынган. Андан сырткары 1960-жылы туулган К.О. жана 1985-жылы туулган Т.А. кармалган. Учурда алар УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, кылмыш иши козголду.