Көк бөрү: Президенттин кубогуна арналган мелдештин финалында "Достук" - "Мурас" командалары беттешет

Көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалында “Достук” - “Мурас” командалары беттешет.

Бүгүн, 29-августта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданда көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган оюндардын финалисттери аныкталды. Алар: "Достук" жана "Мурас" командалары.

Топтук оюндардын жыйынтыгында жарым финалга "Достук" , "Арашан", "Биримдик" ,"Мурас" командалары чыккан. Жарым финалдык биринчи оюнда "Мурас" жана "Арашан" командалары күч сынашып, 5:0 эсебинде "Мурас" командасы жеңишке жетишти. Ал эми финалга болгон экинчи оюнда "Достук" командасы "Биримдик" командасын 5:1 эсебинде жеңип алган.

Жыйынтыгында финалга "Достук" жана "Мурас" командалары жолдомо алды. Финалдык оюндар 31-августта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bello
2017-08-29 16:00:42
Мурас кайсыл жактын командасы?
0
arawan
2017-08-29 16:30:29
Bello,таластын жаштар камандасы мурас утат буюруса
+1
grace
2017-08-29 22:03:42
Кимиси утса да Кыргыздар утат. Күчтүү даярданган команда жеңет.
+1
Dante
2017-08-29 22:29:08
Достук ут эми
+1
vangolu
2017-08-30 02:15:40
мага баары бир болуп калды.кашыктап чогулткан баркын чакалап тогуп алышты биздин "кокпарчылар"
+1
kg-patriot
2017-08-31 01:24:01
Озунор менен озунор тытышасынар жанынарды бергидей казактардан духунар тушот коргондо кок боруго кызыкпай калдым кечегиден кийин. Достук алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан