Кыргыз спортчусу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Кечээ, 28-августта АКШнын Орландо шаарында 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнөлүк таймашы башталды. Анда Кыргыз спортчусу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу SUPER.KG`ге бүгүн, 29-августта билдирди.

Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Алымбек уулу таймашка чыккан 59 килограммга чейинки салмакта 8 спортчу күч сынашып, биринчи орунду Тайбэйдин өкүлү Лин Йи Чун алды. Штанганы отуруп, желкеге коюп көтөрүү ыкмасынан Лин Йи Чун менен Акжол 265 килограмм салмакты көтөрүп, экөө тең Азия рекордун жаңылашты.

Штанганы жатып түртүү көнүгүүсүндө Акжол 162,5 килограмм багындырса, Тайбэй спортчусу 172,5 килограмм менен 10 килограмм алдыга чыкты. Штанганы жерден тартып көтөрүү түрүнөн эки аракетте 240,0 килограмм жана 252,5 килограмм салмакты эки лидер бирдей көтөрүп, тең келе жатышкан. Үчүнчү аракетте Лин Йи Чун 263,0 килограмм салмакты так көтөрүп Дүйнө чемпиону болсо, Акжол 273,5 килограмм салмакты багындыра албай экинчи орунду алды.

Эске салсак, 2014-жылы 1-8-июнь аралыгында Түштүк Африка Республикасында пауэрлифтинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда Акжол Алымбек уулу алтын медаль алып келген. Ошондой эле 2016-жылы да 59 килограмм салмак ченинде өткөн таймашта Дүйнө чемпиону аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2017-08-29 21:48:10
Молодец
0
grace
2017-08-29 22:00:10
Азамат, куттуктайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан