Америкалык ырчы Тейлор Свифттин жаңы клиби көрүүлөр боюнча жаӊы рекорд жаратты

27-августта "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу аземинде америкалык ырчы Тейлор Свифттин аткаруусундагы "Look What You Made Me Do" аталышындагы клиптин бет ачары болуп өткөн. Бул ырчынын 3 жылдан бери даярдап жүргөн "Reputation" альбомуна жазылган алгачкы ыр. Клиптин башында ырчы зомбинин образында мүрзөдө жаткан жеринен туруп, андан соң "бул жерде Тейлор Свифттин аброю көмүлгөн" деген жазуу чыгат. Андан соң телефон чалуу болуп, ага ырчы жооп берет.

- "Кечиресиз, мурунку Тейлор Свифт телефонго жооп бере албайт".

- "Эмнеге?"

- "Анткени ал өлгөн".

Дал ушундай сөздөр менен аяктаган клип 1 күндүн ичинде 28 миллион жолу көрүлүп, 2015-жылы 24 саатта 27,7 миллион жолу каралган ырчы Аделдин "Hello" ырынын видеосун артка таштап, жаңы рекорд жаратты. Азыркы учурда клипти көргөндөрдүн саны 70 миллионго жакындоодо.

Ошондой эле клипте Тейлор Свифт банктарды тоноп, бриллиантка көмүлүп, жарым жылаңач кыздар менен чогуу бийлеген кадрлар көрсөтүлөт.

Adele - Hello
Taylor Swift - Look What You Made Me Do
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SansaNePredaiJohna
2017-08-30 21:29:59
жакпаты.
мага кантри ырлары жагат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан