Бүгүн, 30-августта Кыргыз улуттук филармониясында айтылуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын эки күндүк айтышы башталат. 11-эл аралык айтышка кыргыз тараптан 8, казактардан 8 төкмө акын катышат.
20-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында тандоо туру өтүп, жыйынтыгында Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айтбаев, Изат Айдаркулова, Кадырбек Бейшенов жана Асылбек Маратов казак акындары менен айтыша турган болгон.
Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун билдиргенине караганда, казактардан айтышка Айбек Калиев, Анар Жаппаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курманов өңдүү акындар катышышат.