Орусиялык белгилүү актриса, ырчы, модель, алпаруучу Анастасия Задорожная бүгүн, 30-августта 32 жашка толду. Ал бүгүн Инстаграмдагы баракчасына туулган күнүнө карата төмөндөгүдөй жарыя жазган.
"Өтүп бараткан жылга рахмат. Ал окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Бардык нерсеге жетишем деп шашып иш кылдым. Жаңы жылда мынчалык шашпай, жашоомдун ар бир көз ирмеминен ырахат алам деп сөз берем".
Актриса, ырчы 1985-жылы 30-августта Орусиянын Вытегра шаарында төрөлгөн. 1996-жылы балдардын "Непоседы" аттуу музыкалык тобуна кабыл алынып, чыгармачылык дүйнөсүнө кадам таштаган. 1999-жылы "Жөнөкөй чындыктар" ("Простые истины") сериалына тартылып, дебют жасаган.