Бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, 26 жаштагы бокс боюнча Дүйнө чемпиону Анжелик Дюшман дүйнө салды

Бир да жолу жеңилүү ызасын тартпаган, бокс боюнча жеңил салмак категориясында Дүйнө чемпиону франциялык спортчу Анжелик Дюшман 26 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ал 28-август күнү кечинде машыгуу учурунда өзүн жаман сезип, "Тез жардам" менен Франциянын Перпиньян шаарындагы бейтапканалардын бирине жеткирилген. Көрсөтүлгөн жардамдарга карабай спортчу кечээ, 29-августта эртең менен каза болгон. Ал өпкө артерияларынын эмболиясынан улам көз жумганы болжолдонууда.

2017-жылдын май айында ал мушкер Эрик Руссону жеңип, Дүйнө чемпиону аталган. Дюшман 12-октябрда аталган өлкөнүн Монпелье шаарында өзүнүн титулун коргомок.

Профессионалдуу рингде Анжелик 2012-жылдан бери келе жаткан. Ал жалпы 14 уруш өткөрүп, үчөөнү нокаут менен жеңген, бир да жолу жеңилген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maripa
2017-08-30 11:59:39
Жаш экен. Жаткан жери жайлуу болсун. ( Эмболия -өпкөгө канды алып барган артерияда тромбдун пайда болуусунан улам кандын жүрүшүнүн күтүүсүз токтоп калышы)
+15
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан