ЖЫЛНААМА, 30-АВГУСТ: Жыл сайын Санта-Клаустан бир гана нерсе сурап, бирок ал кыялы кыска убакытка гана орундаларын айткан Камерон Диас 45 жашка толду

Алгач модель катары таанылып, андан соң “Бет кап” тасмасы аркылуу эл оозуна алынган Камерон Диас 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 30-август күнү кубалык эмигранттын үй-бүлөсүндө туулган.

Камерон Диас 17 жашында

16 жашында моделдик кесипке аралашып, күнүнө 2 миӊ доллардан гонорар алган Диас кийинчерээк бир канча жарнамалык роликтерге жана фотосессияларга тартылып, анын арты менен Япония, Франция, Алжир, Австралия, Мексика сыяктуу көптөгөн мамлекеттерге барып келген.

1994-жылы белгилүү актёр Жим Керри менен “Бет кап” тасмасында роль жаратып, кино тармагына аралашкан. Бул тасмага тартылуу үчүн атайын кастингден өтүп, андан соң дагы 12 ирет өзүнө берилген ролду аткарып көрүп, режиссёрдун макулдугуна ээ болгон. Бирок чыныгы популярдуулукту “Чарлинин периштелери” фильми алып келген. Анда Дрю Бэрримор жана Люси Лью менен биргеликте атайын агенттин ролун аткарып, 20 миллион доллар гонорар алган. Бирок актриса өзү ушул кезге чейинки тартылган тасмаларынын ичинен “Нью-Йорктогу банда” киносундагы ролуна гана канааттанарын айткан.

Ошондой эле көптөр сүйүп көргөн “Шрек” мультфильминде Фионанын үнүн коштогон.

2009-жылы 23-июнда Голливуддун “Даңк аллеясынан” өз жылдызчасына ээ болгон.

Актриса жакындары менен

Актриса дайыма пластикалык операцияга каршы экенин айтып келгени менен, өзү 4 жолу бул кызматты колдонгон. Мунун себеби катары 3 жолу мурдун сындырып, 1 жолу айнек эшикти сүзүп алгандыктан операция жасатууга аргасыз болгондугун айткан.

Жолдошу Бенжи Медден менен

Камерон Диас 20 жаштан соң турмушка чыгууну кыялданчу. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, 2015-жылы 43 жашында үй-бүлө күткөн. Жолдошу Бенжи Медден – музыкант жана Диастан 6 жашка кичүү.

Актриса турмуш курганга чейин Жуд Лоу, Жаред Лето, Леонардо Ди Каприо менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндүгү айтылса, белгилүү ырчы Жастин Тимберлейк менен үй-бүлө күтүүгө убадалашкан эле.

Бир кездеги сүйүктүүсү Жастин Тимберлейк

Ал турмушка чыккан соң карьерасынан бир топ алыстап, көп убактысын үй-бүлөсүнө арноону чечкен. Тилекке каршы, балалуу болууну кыялданганы менен, анын боюна бүтпөй жаткандыгын чет элдик басылмалар жазып, учурда жасалма бойго бүтүрүүгө аракет кылып жүргөнүн маалымдашкан.

17 жашында алгач ирет арак кошулган коктейлди даамдап көрүп, ошондон тарта ичкиликке берилип кеткен. 18 жашында көп ичип алып, ууланганына карабастан спирт ичимдигинен алыстаган эмес. 2015-жылы турмушка чыккан соң наристелүү болууну пландаганы үчүн алкоголду таштаган деген кептер айтылат. Бирок ага карабай интернет тармагына актрисаны мас абалында жолдошу колунан кармап унаага отургузууга аракет кылып жаткан сүрөттөрү тарап кеткен.

Актриса интервьюларынын биринде ар Жаңы жылда Санта-Клаустан тамеки чегүүнү жана шоппингге көп убакыт коротууну токтотууну суранат. Бул кыялы жыл сайын 1 же 2 ай гана орундалып, андан соң кайра эле үйүнүн ичи тамеки жыттанып, дүкөндөн алган кийимдери жыйналбастан чачылып жатарын берген маектеринде айтып келет.

30-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан