Баткенде карактоого шектелген үч жаран кармалды

Баткенде карактоого шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 28-август түнү Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү “Азия-Сервис” унаа оңдоочу жайда болгон. Анда белгисиз адамдар атайын эс алуу үчүн коюлган вагондун ичинде уктап жатышкан 1990-жылы туулган Х.Х., 1994-жылы туулган С.Ш. жана 1994-жылы туулган А.Х. аттуу жарандарды ок атуучу курал менен коркутушуп, 3 миң сом акчасын жана уюлдук телефондорун алып кетишкен.

"Баткен ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы окуяга шектүү делип Баткен шаарынын 22 жаштагы Ш.Э., Н.Б. жана 27 жаштагы Т.Ш. аттуу тургундары кармалган. Бүгүнкү күндө каракчылык боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат Баткен ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан