Бишкекте таңга жуук аялдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 30-августта Бишкектин Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 25-30 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды. Учурда милиция кызматкерлери жеринде иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн аймакты курчоого алып турат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Майрам Аскарбекова кабарлады. Анын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө таңкы саат 6:40та аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Учурда аймак курчоого алынып, милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алдын ала кароодо белгилүү болгондой, маркумдун денесинде уруп-согуунун белгилери табылган жок. Учурда анын аты-жөнүн тактоо жана өлүмүнүн себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди Аскарбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurmat92
2017-08-30 13:24:47
Өлүм аябай көп болуп атат го кудайым өзү сактасын
+8
Senator
2017-08-30 13:28:58
Жакшы кабар угуш кыйын болуп калды,Жаны жанаттан болсун
+5
ashamkan
2017-08-30 14:00:07
Эмнеге аялдардын олуму кобойуп кетти..... .
+3
RusMos76
2017-08-30 16:00:52
ashamkan,Аялдын эле эмес деги эле тируу жанды боодо кырсыктан сактасын Кудайым.
+2
KUBI
2017-08-31 00:25:26
Короосу деген кандай уйунон деп эле койбойбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан