Бүгүн, 30-августта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда татамиге эки Кыргыз спортчу чыгат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Аталган мелдештин 3-күнү эркектер арасында 73 килограммга чейинки салмак ченинде жана кыз-келиндер арасында 57 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер өтөт. Анда татаминин үстүнө Бектур Рысмамбетов жана Ксения Бельдягина чыгышат.
Эске салсак, буга чейин Алмаз Алтынбек уулу, Артур Тё, Отар Бестаев жана Баяман Сагынбай уулу атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтоткон.
Бүгүн беттеше турган Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:
Бектур Рысмамбетов - Александр Райку (Румыния);
Ксения Бельдягина - Ирина Заблюдина (Орусия).