Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум өтүүдө. Учурда 7 томдук соттук материалдардын 5-тому окулуп жатат.
Анын жүрүшүндө Салянованын адвокаттары дагы бир жолу сотту алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Буга сот Кубанычбек Касымбековдун соттук отурумга тиешелүү көрсөтмөлөрдү окуп жатып Иванов аттуу күбөнүн көрсөтмөсүн окуу боюнча Салянованын өтүнүчүн четке кагуу жана "жолтоо болбогула" деген жообу себеп болду.
Буга нааразы болгон жактоочу Чынара Жакупбекова сотко: "Мыйзамга ылайык, сот бардык көрсөтмөлөрдү окуусу керек, биз "баарын эмес, айрымдарын гана окуңуз" деп суранып жатабыз. Сиз жолтоо болбоңуз дейсиз, ошондуктан сизди алмаштырууну өтүнгөнгө аргасызбыз", - деди Жакупбекова.
Ал эми Салянова сотко кайрылып: "Бул жерде "сиз жолтоо болбо" дебеңиз, анткени тагдыр чечилип жатат. Биз мыйзамдуу талап коюп жатабыз", - деди Салянова.
Прокурорлор жактоочулардын талабына каршы экенин билдиргенден кийин сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти. Жыйындар залына кайтып келген соң сот Салянованын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.