Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүнкү беттештерде татамиге чыккан эки спортчубуз тең жеңилүү ызасын тартышты

Бүгүн, 30-августта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-күнү 2 салмак ченде медалдар үчүн күрөш старт алган. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Бектур Рысмамбетов жана Ксения Бельдягина катышты.

Эркектер арасында 73 килограммга чейинки салмак ченинде Бектур Рысмамбетов венгриялык Александр Райкуга туш келип, жыйынтыгында венгриялык спортчу 1:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Ал эми Ксения Бельдягина 53 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, орусиялык Ирина Заблюдинага кез келген. Беттештин жүрүшүндө 2 мүнөт 41 секундда орусиялык спортчу жеңишке жетти. Ошентип эки спортчу тең атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтотушту.

Эске салсак, буга чейин Алмаз Алтынбек уулу, Артур Тё, Отар Бестаев жана Баяман Сагынбай уулу атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан