Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон иш боюнча отурум өтүүдө. Учурда 7 томдук соттук материалдардын 5-тому окулуп жатат.
Анын жүрүшүндө сот кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткенде Салянованын тарапташтарынын бири прокурорго ар намыстуу болууга чакырышкан эле. Прокурор ага акыл үйрөтпөө керектигин айтты. Андан сырткары ал учурдагы ар бир сөзү жазылып жаткандыгын баса белгилеп, айткан сөзү үчүн мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин айтты. Ага жооп кылып Салянованын жарандык жактоочулары "жашоо келме кезек, сенин башыңа да дал ушундай тагдыр туш келүүсү мүмкүн" дешкенде, прокурор аларга акыл айтпоону суранды. Аягы курч кайым айтышууга жетип прокурор эшикке чыгып кетти.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.