Бүгүн, 30-августта куудул Күмөндөр Абылов 59 жашка толуп, туулган күнүн жумуш үстүндө тосуп жатканын айтты.
"Бүгүн күндүз үйгө балдарым, неберелерим келип, жылуу сөздөрүн арнап, белек-бечкектерин тапшырып куттуктап кетишти. Андан сырткары социалдык тармактагы досторум да тынбай куттуктоо сөздөрүн арнап жатышат. Жыл сайын бул күндү үйдө балдар-кыздарым менен тоссом, быйыл жумуш үстүндө өткөрмөй болуп калдым.
Тактап айтканда, бүгүн кыргыз-казак айтышы болот эмеспи. Ошого мени калыс катары дайындашыптыр. Азыр чоң жоопкерчиликти моюнума алып, калыс чечим чыгарууга болгон аракетимди жумшоо алдында турам", - дейт куудул.
Белгилей кетсек, Абылов Күмөндөр Мукулович 1958-жылы 30-августта Нарын облусундагы Тянь-Шань районуна караштуу Учкун айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүнө тапшырган. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр-институтунда "Театр жана кино актёру" бөлүмүндө сырттан окуган. 1993-жылы 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамын ыйгарышкан. 2000-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында актёр болуп эмгектене баштаган.