Ноокен районунда "таксистке бычак такап, унаасын айдап качууга аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды

Ноокен районунда "таксистке бычак такап, унаасын айдап качууга аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-август күнү Ноокен районунун Масы айыл аймагында болгон.

"Хундай Портер унаасынын 50 жаштагы айдоочусуна белгисиз адам келип жеткирип коюшун суранган. Айдоочу макул болуп аны салып алган. Жолдо ал айдоочуга бычак такап, унаанын ачкычын берүүсүн талап кылган. Бирок айдоочу ачкычын алып, качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми шектүү ачкыч жок унааны жүргүзө албай, унаанын техникалык паспортун, айдоочулук күбөлүк, паспортту алып из жашырып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган М.М. кармалган. Учурда ал үй камагында", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beka13
2017-08-31 02:33:24
Ее мен тушунбодум кармалды дагы уй камагында анда кармабай еле койбойбу уй камагына чыгарат екен текебаевтин айыбын коялбай еле камап кодуго аша тушунбодум тушунгондор болсо айтып койгулачы
0
312kyrgyzstan
2017-08-31 02:41:23
Дароо камаш керек болбосо ертен точна олтурот анан ИИМ журот издоо салабыз издеп жатабыз деп
0
Nur90m
2017-08-31 12:48:29
Бычак которгон адам кандайча уй камагына чыгарат ?логика барбы бул жерде юристтер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан