Кытайдагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 23кө жетти

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Бицзе аймагындагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 23 адамга жетти. Ал эми дагы 12 адам дайынсыз болуп жатканын 30-августта кытайлык "Синьхуа" маалымат агенттиги жазды.

Буга чейин 2 адам каза болгону жана 25 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Айта кетсек, 28-август күнү жер көчкү аталган аймактагы кыштактардын бириндеги 30дай үйдү басып калганы, анын кесепетинен каржылык чыгым 5 миллион юандан ашуун деп эсептелген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан