Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-казак айтышында акын Идирис Айтбаев Айбек Калиев менен кез келип кыргыз, орус, өзбек, англис, түрк тилинде төкмөлүк өнөрүн тартуулады. Жыйынтыгында биринчи айлампада кыргыз акыны Айтбаев 79 упайга ээ болсо казак акыны Калиев 77 упайга ээ болду.
Ал эми Азамат Болгонбаев казак акыны Мухтар Ниязовдон утулуп калды. Калыстар акындарга 77 жана 76 упай беришкен.
Учурда Изат Айдаркулова менен казак акыны Сара Токтамысова сахнада өнөрлөрүн тартуулап жатышат. Айтыштын жүрүшүндө казак акыны Сара Токтамысова өнөктөшү Изат Айдаркуловага сахнадан колундагы шакегин чечип белекке берди.
Кыргыз-казак айтышынын биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Айтыш эртең, 31-августта уланат.