Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаеваларга Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкондор сыйланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 30-августта кол койгон.

Жарлыкка ылайык эстрада ырчылары Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага, Улуттук филармониянын алдындагы "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбековага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Ошондой эле бул наам "Учур" театрынын актёру Чыңгыз Мамаев, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын артисттери Нурматбек Полотов, Тилек Найманбаев, Елена Овчинниковага, Бишкек мэриясынын алдындагы "Доор" этно-фольклордук тобунун солисти Каныкей Раймалиевага ыйгарылды.

Сүрөтчү-живописчи, Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт улуттук академиясынын станок живописи кафедрасынын башчысы Сүйүтбек Төрөбековго “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” ардак наамы берилди.

“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйлангандар:

Назира Аалы кызы - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият, тарых, тил” каналынын продюсери;

Эркинбек Болжуров - Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин фотографы; Алмагүл Бөлөкова - Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү;

Роза Жангарачева - “KORU” балдар студиясынын живопись жана сүрөт боюнча окутуучусу;

Берат Касмахунов - Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы;

Кубандык Өмүров - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм коюу бөлүмүнүн башчысы;

Чолпон Орозобекова - журналист, Борбордук Азиядагы коопсуздук маселелер боюнча талдоочу;

Владимир Пирогов - “Вечерний Бишкек” гезитинин фотокабарчысы;

Кубанычбек Таабалдиев - “Кабар” кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору;

Инабат Усубалиева - Бишкек шаарынын №13-мектеп-лицейинин комузчулар ийриминин жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (85)
ashamkan
2017-08-31 12:51:18
Сахна Самара Каримова болуп калды го эми жакында маданият министри болду дегенди окусам тан калбайм
+14
Sancho01
2017-08-31 12:55:56
Ен жакшы болуптур жаштарга дем бул нерсе!!!!
-1
Jarookerjan
2017-08-31 13:13:45
Нурайым татыктуу наамга.Музыкалык аспаптарда жакшы ойнойт. Чет мамлекеттерге да барып журот.Ал эми Самара болсо директор болом деген аракети ишке ашпай калып,креслого арнаган каражатын наам алганга короткон окшойт.Дегеле ырдай албайт.Авторлору сонун,уккулуктуу кылып аткарган ырларды бузуп жагымсыз кылып ырдайт.Дагы кайсы эмгеги синди экен элге тушубодум.Жулунганын койбойт экен да.Уялып деле калбайт.
+7
Ermekbai
2017-08-31 13:21:44
Таанышың болсо танкасың деген ушул экенда Самараны директорлукка койду эл наразы болуп түштү эми сыйлык алып жатат ана саңа.....
+6
Nargiza1987k
2017-08-31 13:30:37
Гулжигит Сатыбеков алган наамын кут болсун. Сага бул наамды бергенине биз кыргыз эли кубанычтабыз сен мындан да жакшы наамдарга татыктуусун.
+8
doping1
2017-08-31 13:41:13
сатыбеков эле татыктууу
+4
bars06
2017-08-31 13:52:31
Самаранын ордуна Илиязга бериш керек эле
+9
PROS
2017-08-31 14:25:54
Кантип эмгек сиңирип жатышат бул ырчылар? Бир тойго чыгып 500$ шайлоодо 10000$ сиңирип жатканын билем, анан эмгек сиңиргенин билбейт экем.((( Тиги тарыхчы, тилчи, сүрөтчү, театрдагылар тууралуу маалыматым жок. Аларга эчтеке айталбайм.
+5
vangolu
2017-08-31 14:56:20
самара татыктуумун деп ойлойсунбу озунду же куйоон ойлойбу сени татыктуу деп
+7
nurbekasr
2017-08-31 14:58:35
Ошончо болуптур биздин айылдын
бүтүндөй баардык адамдарына деле берип койбоптур АША.
+5
kanatbekabytovich82
2017-08-31 16:21:39
Мааааааллладесссс Гулжигит!!!
+2
Targarien
2017-08-31 23:47:36
Самара эл алса да сен алба
+2
Raul07
2017-09-01 00:45:15
Гулжигит татыктуу!!!
+1
Taalaibek.
2017-09-01 01:39:22
Туура эмес! Эрте ыйгардынар.
+2
solntse95
2017-09-01 04:27:48
Самарага Караганда Мерген Тургандын эмгеги 100% синген болчу. Акыйкат жок экен да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан