1970-1980-жылдары Голливуддун секс-символу аталган актёр Ричард Гирдин жараткан образдары анын өзүнүн кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму менен таптакыр дал келбейт. Ал абдан тартынчаак, түнт, көп сүйлөбөгөн, тынчтыкты сүйгөн бир мүнөз мырза деп сыпатташат жакындары.
КАРЫЛЫКТЫ СЕЗБЕГЕН РИЧАРД ГИР
Ричард Тиффани Гир 1949-жылдын 31-августунда АКШдагы Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында туулган. 68 жашка толгон актёр бүгүнкү күндө да чыгармачылыгы менен кызуу алектенип келет. Тасмадагы образы үчүн өзгөрүүнү, өзгөчө бубак баскан чачын боёону сунуштагандарга: "Мен карылыкты сезген жокмун, бубак баскан чачтарым менен да өзүмдү эң ыңгайлуу сезем", - деп жооп берет.
Анын атасы камсыздандыруу компаниясынын агенти, апасы үй кожоюну болгон. Ал 4 бир тууганы менен жөнөкөй жашаган үй-бүлөдө өскөн. Ата-энеси турмуштагы керектөөлөрдү камсыздоодо көп эле кыйынчылык тартып, балдарын музыка жана гимнастика ийримдерине берип, ага жетерлик акчаны араң табышчу. Мектептен кийин Ричард Гир философияны үйрөнүү үчүн жогорку окуу жайга тапшырган. Бирок ал театрда актёр болуу кыялына жетүү үчүн 2-курсту аяктагандан кийин Нью-Йоркко кетип калган. Гирдин тартынчаак жана түнттүгү карьерасын түзүүгө, адамдар менен мамиле курууга терс таасирин тийгизмек. Эгер театрдын продюсерлери анын талантын байкабаса, балким, Ричарддын таланты көмүскөдө калып, эч ким деле тааныбай калмак.
АТАКТУУЛУКТУ АЛЫП КЕЛГЕН ТАСМАГА АКЧА ҮЧҮН ТАРТЫЛГАН
Актёрлук эмгек жолун эпизоддордогу ролдор менен баштаган Ричард Гир 1975-жылы 1-жолу "Голова убийцы" тасмасындагы башкы каармандын образын жараткан. Бирок ал бул тасмада өзүнүн талантын толук көрсөтө албагандыгын киносынчылар белгилешкен. "Гирде ийкемдүүлүк, жаратмандык жок болгон. Бирок элди анын үнү тартып алды. Анын үнүндө үмүт, ишеним жана кайгы бар", - деп сыпатташкан. Мындан кийин режиссёр Ричард Брукс жаш актёрго кызыгуу артып калган. Ошентип Гирдин актёрлук чеберчилигин өздөрүнүн тасмасында пайдаланууну каалаган режиссёрлор менен удаа-удаа тасмаларга тартыла баштаган. Актёр чыгармачылыктан тышкары чыгыш философиясы, буддизм менен кызуу алектенип келет. Ал азыркы тапта да Тибетке байма-бай барып, өзүнүн окутуучулары менен баарлашып турат.
40 жашка таяп калганда Ричард Гир секс-символ образынан алыстай баштаган. Ал бир аз толуп, көздөрүндөгү жаштыктын жалыны аз-аздан кете баштаганын айтышкан режиссёрлор. 1990-жылы ага дүйнөлүк атак-даңкты алып келген "Красотка" тасмасына тартылган. "Красотка" фильминдеги башкы каарман айымдын образында - Гирдин өнөктөшү болуп Жулия Робертс катышкан. Гир аталган тасмага тартылуудан 2 ирет баш тарткан. Бирок тасманын жаратуучулары бул образга Гир гана дал келерин айтышып, өздөрүнүн пикиринде бекем турушкан. "Мага чоң атак-даңкты алып келген тасмага мен акча үчүн тартылгам", - деген ал кийин бул тасма тууралуу.
Көпчүлүк аны "Красотка" тасмасына Жулия Робертс үчүн катышууга макулдук берген дешкени менен, ал бул кепти четке кагып келет. Робертс тасманы тартуу учурунда Гирди өзүнө тартуу аракеттерин көргөн, бирок ал ага ар дайым бир калыпта мамиле жасагандыгын айтышкан тасманын жаратуучулары.
Жулия Робертстин бул аракети анын кыжырын келтирип, ыңгайсыз кылганын эскерген Гир мындай роман, интригаларга убактысы да, каалоосу да жок болгонун айткан.
Жалпысынан 180ге жакын фильмде роль жараткан Гирди күйөрмандары "Клуб «Коттон", "Царь Давид", "Внутренние дела", "Власть", "Августовская рапсодия", "Соммерсби", "Первый рыцарь", "Доктор Т. и его женщины", "Первородный страх", "Чикаго", "Пророчества человека-мотылька" жана башка тасмалары аркылуу тааныйт.
АКТЁРДУН ЖЕКЕ ЖАШООСУ ТУУРАЛУУ
Дүйнөдөгү миллиондогон аялдар Ричард Гирди өтө романтик, айымдардын көңүлүн алууга шыктуу мырза катары кабыл алат. Бирок көптөгөн айымдардын бул ою жаңылыштык экендигин анын сүйүү мамилелери аныктайт. Актёрдун алгачкы сүйүүсү 22 жашында актриса Пенелопа Милфордго арналган. Алар биргеликте 5 жыл жашашкан. Дагы 5 жыл бразилиялык сүрөтчү Сильвия Мартинс менен мамиле түзүп, бирок экөө менен тең баш кошуу чечимине жеткен эмес. Гирдин кесиптештери ал медитация жана коомдук иштерге кызуу киришип кеткенин белгилешкен.
"Красотка" фильми тартылып жаткан кезде Гир модель, алып баруучу 25 жаштагы Синди Кроуфорд менен мамиле түзүп баштап, 1991-жылы 42 жашында ага үйлөнгөн. 4 жылдан кийин түгөйлөр ажырашуу чечимин кабыл алышкан. Мындай чечимин алар ортодогу чоң жаш айырмачылык аларды түшүнбөстүктөргө алып келгенин айтышкан. Ричарддын Тибетке болгон байма-бай каттоосу жаш жубайына жакчу эмес. Мындан улам Кроуфорд Тибетти же жубайыңды танда деген талапты койгон. Ажырашуудан кийин ал динге берилүү менен мамиле жасай баштаган.
2002-жылы Гир көпчүлүккө кайрадан үйлөнгөндүгү тууралуу жарыялаган. Бул жолу анын тандоосу - мурдагы актриса, модель Кэри Лоуэлл аттуу айым болгон. Алар 7 жылдык махабат мамилесинен кийин 2002-жылы баш кошушкан. Ага чейин Гир 50 жашында, 2000-жылы биринчи жолу ата болгон. Үйлөнгөндөн кийин 10 жыл чогуу жашап, 2013-жылы ажырашуу тууралуу жарыялашкан. Түгөйлөр мындай чечимди эмне себептен кабыл алгандыктарын түшүндүрүшкөн эмес. 2016- жылы расмий ажырашкандан кийин Ричард Гир өзүнүн хан сарайын 33 миллион долларга саткандыгы маалым болду. Актёр Кэри Лоуэлл, жалгыз уулу Гомерге байлыгын бөлүшүү максатында хан сарайын саткан деп жазышат чет элдик маалымат булактары.
Лоуэлл менен ажырашкандан көп өтпөй актёр 33 жаштагы испаниялык ырчы Алехандра Сильва менен жакын мамиледе жүргөндүгү көпчүлүккө маалым болгон.
31-августка карата жылнаама.