Атактуу америкалык актёр Леонардо Ди Каприонун кайрымдуулук фонду АКШнын Техас шаарында болгон "Харви" бороонунан жабыркагандарга 1 миллион доллар которду. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, актёр буга чейин 2012-жылы болгон "Сэнди" бороонунан, 2010-жылдагы Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга дагы жардам берген.
Белгилей кетсек, Техас штатында 25-августта башталган "Харви" бороонунан улам нөшөрлөп жамгыр жаап, суу каптоо жүргөн. Натыйжада 30дан кем эмес адам каза болуп, 7 миллиондой киши жабыр тарткан.
Буга чейин актриса Сандра Буллок дагы кырсыктан зыян тарткандарга 1 миллион доллар, актриса, модель Ким Кардашьяндын үй-бүлөсү 500 миң доллар өлчөмүндө жардам берген.