Кыргыз элинин ак таңдай акыны, биринчи даражадагы "Манас" орденинин ээси Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата өткөн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында байге фонду 2 миллион сомду түзгөн XI эл аралык кыргыз-казак айтышы болуп өттү. Айтыштын биринчи күнү казактан келген 8 акын, кыргыздын 8 акыны менен элге жакшы маанай тартуулап, курч айтыш курушту. Акындар эки элдин достугун, улуу өнөрдүн ээси болгон Тууганбай Абдиевдин чыгармачылык жолун даңазалап ырдашты.
Кечени Идирис Айтбаев менен казак акыны Айбек Калиевдин кыргыз, түрк, англис, өзбек, казак тилинде курган айтышы өзгөчө шаңга бөлөп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Бирок азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан көк бөрү маселесин акындар дээрлик козгошкон жок. Эң акыркы болуп айтышкан акын Кадырбек Бейшенов гана өз ырында көк бөрү мелдеши жөнүндө кеп айтты. Жыйынтыгында Кадырбек Бейшенов төмөн упай топтоп, финалга чыкпай калды. Калыстардын бул чечими залдагылардын нааразычылыгын жаратты.
Айтыштын биринчи күнүнүн жыйынтыгында финалга кыргыздын төрт акыны Амантай Кутманалиев, Идирис Айтбаев, Болот Назаров жана Асылбек Маратов чыгышкан. Ал эми казак акындарынан Айбек Калиев, Сара Токтомушова, Мухтар Ниязов жана Рүстөм Кайыртай уулу финалга жолдомо алышкан.
Кечээ, 31-августта айтыштын финалдык бөлүгү өтүп, кечеге келген көрөрмандардын кулагынын моокумун кандырган мыкты айтыш болду. Бул айтышта сөз баккан, кеп кастарлаган эки элдин акындары сөздүн каймагын калпып, элге улуу өнөрдүн ээси болгон төкмө акындарыбыздан уучубуз куру эмес экендигин айгинелешти. Кош байге коюлган бул айтышта Акбар Рыскулов башында турган калыстар тобу берген баалар боюнча, акындар төмөндөгүдөй оорундарга ээ болушту:
баш байге: Асылбек Маратов, Мухтар Ниязов;
1-орун: Амантай Кутманалиев, Рүстөм Кайыртай уулу;
2-орун: Болот Назаров, Сара Токтомушова;
3-орун: Идирис Айтбаев, Айбек Калиев;
Мындан сырткары акындарга "Айтыш" коомдук фондунун атайын сыйлыктары ыйгарылды. Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлыкты Анар Жапаркулова, Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлыкты Изат Айдаркулова, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкты Сара Токтомушова, Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкты Азамат Болгонбаев алышты. Ошондой эле финалга чыгып, бирок байгелүү орун албай калган акындарга кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.