30-августта өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик наамдар ыйгарылды. Алардын катарында 26 жаштагы ырчы Самара Каримова эң жаш "Эмгек сиңирген артист" аталды. Ырчыны сыйлык алышы менен куттуктап, байланышка чыксак, SUPER.KG порталына буларды билдирди:
"Кечээ туугандар менен кудага барганбыз. Бул жаңылыкты да ошол жерден уктум. Алгач ишенбей, толкунданып көпкө чейин өзүмө келе албай турдум. Кубанычтын көз жашы агып, алгач эле атама чалып сүйүнчүлөдүм. Ал катуу толкунданып кеткендиктен кан басымы көтөрүлүп кетиптир. Андан соң конокто отурган туугандарым, тааныш-билиштерим жана социалдык тармактагы досторум куттуктап башташты", - деди ал.
Ал эми айрым интернет колдонуучулар улуу инсандар наам ала электе жаштардын сыйланышына карата түрдүү сын-пикирлерди айтып жаткандыктан "Бул наамга өзүңүздү татыктуумун деп ойлойсузбу?" деген суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Учурда мамлекет жаштарды колдоого алууда. Мен соңку жылдары талыкпай абдан катуу иштедим. Муну мен эле эмес, мени байкап-баамдап жүргөндөрдүн баары айтууда. Өзүм татыктуумунбу жокпу айта албайм, эгер татыксыз болсом мындан ары да изденип, эмгегимди сиңиргенге болгон аракетимди жумшайм. Ал эми эл ичинде мага карата жылуу пикирлер, куттуктоо сөздөрү гана айтылганына күбө болуп жатам. Анчалык деле нааразычылык байкаган жокмун", - дейт ырчы.