Бүгүн, 31-августта Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда татамиге эки Кыргыз спортчу чыгат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.
Аталган мелдештин 4-күнү эркектер арасында 81 килограммга чейинки салмак ченинде жана кыз-келиндер арасында 63 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер өтөт. Анда татаминин үстүнө Владимир Золоев жана Мээрим Момонова чыгышат.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз спортчулары башкы этаптарда атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтоткон.
Бүгүн беттеше турган Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:
Владимир Золоев - Саид Моллаи (Иран);
Мээрим Момонова - Гангхайч Болд (Монголия).