Кыргыз жаш футболчулары Казакстан президентинин кубогуна катышат

Казакстандын Талгар шаарында 3-9-сентябрь аралыгында өтө турган Казак президентинин кубогуна Кыргыз жаштар курама командасы (U-17) катышат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке жаштар курама командаларынан 8и катышат. Кыргыз жаштар курама командасы "А" тайпасына кирип, Казакстан, Грузия жана Албания курамалары менен ойнойт. Ал эми "В" тайпасында Казакстан-2, Тажикстан, Орусия жана Өзбекстан курамалары жайгашкан.

Алгачкы беттешинде Кыргыз футболчулар Казакстандын спортчулары менен кез келет.

Кыргыз курама командасынын оюндарынын тартиби:

4-сентябрь: 17:30 - Казакстан - Кыргыз өлкөсү;

5-сентябрь: 12:00 - Кыргыз өлкөсү - Грузия;

7-сентябрь: 12:00 - Кыргыз өлкөсү - Албания.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lewa90
2017-08-31 11:59:00
катышпайле койгулачы дагы акча беребиз 15:0го женилип бергиле десе женилип берип журбогуло
+1
Rasul94
2017-09-01 00:09:44
ит болуп келишет
-1
doping1
2017-09-10 23:18:29
урматтууу админ
эмне болду утубу же утулдубу
0
admin_superstan
2017-09-11 09:53:44
doping1, саламатсызбы! Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан