UFC'деги өзгөчө мушкер Хабиб Нурмагомедов жакында эле Флойд Мейвезерден жеңилүү ызасын тартып калган Конор Макгрегорду эрөөлгө чакырды. Орусиялык мушкер бул урушту 2017-жылдын декабрь айында Лас-Вегаста өткөрүүнү сунуштаган. Мындай сунушун Хабиб социалдык тармактардагы баракчаларынын бирине калтырган.
Билдирүүдө Нурмагомедов: "Эмнеге болбосун. Менин оюмча декабрь бул үчүн эң ыңгайлуу мезгил. Негизи эле Макгрегор өзү Мейвезерден кийин мени менен урушка чыккысы келгенин билдирген", - деп жазат.
Ошондой эле Мейвезер менен болгон беттешинен кийин Конор Макгрегорду сууда сүзүү боюнча олимпиаданын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс сууда сүзүү боюнча күч сынашып көрүүнү сунуштаган. 32 жаштагы Майкл өзүнүн Твиттердеги баракчасына билдирүү калтырып сүрөт жүктөгөн, ал билдирүүсүндө "мунун бардыгы сөздөр...Кел, суудан күч сынашабыз?" деп жазган.
Эскерте кетсек, 27-августта Конор Макгрегор бокстун эрежелери боюнча америкалык Флойд Мейвезер менен рингге чыгып 10-раундда техникалык нокаут менен жеңилип калган. Беттештен кийин 29 жаштагы Конорго дарыгерлер 60 күн аралыгында урушка чыкканга тыюу салган.