Укук коргоо органдарынын кызматкерлери 30 миң сом пара менен колго түшүштү

Жазаларды аткаруу кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын кызматкери менен райондогу милиция бөлүмчөсүнүн башчысы 30 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 31-августта ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев кабарлады.

Анын айтымында, ИИМдин Ош шаарындагы Ички кызматтык иликтөө башкармалыгына Алай районундагы айылдардын биринин тургуну кайрылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери пара талап кылып жатканы боюнча арыз жазган. Арызда эки кызматкер жаза өтөө режиминде катачылыктар бар экенин айтып, аны оңдоп коюу үчүн 30 миң сом пара берүүнү талап кылганы айтылган.

"Бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, ИИМдин Ош шаарындагы Ички кызматтык иликтөө башкармалыгына оперативдүү издөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Анын негизинде 30-августта башкармалыктын кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Алай району боюнча башкармалыгынын кызматкери Э.Н. жана Алай РИИБинин Сопу-Коргон аймагы боюнча милиция бөлүмчөсүнүн Ы.У. аттуу башчысы кармалды. Фактынын негизинде тинтүү жүргүзүлүп, далилдүү фактылар табылган. Иликтөө иштери башталды", - деди Осмонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tttalant
2017-08-31 12:55:57
Айлык аз болсо иштеп жарытып акча албасан
-5
TazaKyrgyz
2017-08-31 14:32:09
tttalant,кызык адам экенсин тууганым айлык азыр кай жерде коп баардык эле жерде аз.Аз деп пара алыш керек эмесда.Деги озун милиция эмессинби
+5
tttalant
2017-08-31 12:57:15
иим айлык которуш керек ошондо азайат корупция мени ойум
+3
Tolkun555
2017-08-31 13:14:20
ИИМДин ыйманын тазалаш керек.булар саанчылар.ишиң түшүп калсан каныңа чейин саап алат.өзүңө келбей карыз төлөп 10 жыл жүрөсүң.
+5
Дарыгер
2017-08-31 13:32:43
Эң туура кылыптыр. Мени да саап жатыщат ушул убаут. Кичине иш жеңилдесе мее да карматам. Буюрса
+5
Aziyat
2017-08-31 18:07:38
Дарыгер,дарыгерлер деле милициядан калышпай саайт го..
+2
Arti
2017-08-31 13:46:20
Албетте жогорудагы айтылган сындар туура. Айлык аз бирок айлык аз болсо башка ишти тандаш керек. Аны билип туруп пара аларын билген кызматкер бул орун отуруу учун жумушка кирген болсо керек?
+1
jbolotov
2017-08-31 14:02:26
Айлык аз эле деп ыйманын сатбай шугур деп иштеш керек, кимде эле айлык ойдогудай азыр? Баарында жетишсиз.
+2
PeRa
2017-08-31 14:38:58
Кыргызстандагы айлык менен пара алмайынча жашоо мумкун эмес. Жон эле нан, чай, жол кире, бир сыйра кийимди эсептесек, айлыктан коп коройт. Бала чака, катыш, тууган туушкандар деген бар. Мындайча айтканда мал жаны, огороду, бизнеси жокторго жашоо айлык менен мумкун эмес.
+1
kanatbekabytovich82
2017-09-01 03:49:12
PeRa,
Анда мугалим келиндер,соц тармактагы паранын жыты чыкпанандар кайла барат,на панель???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан