Сүлүктү шаарында "56 жаштагы аялга сегиз жолу бычак сайып, акчасын алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Сүлүктү шаарында "56 жаштагы аялга сегиз жолу бычак сайып, акчасын алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 24-август түнү Сүлүктү шаарында болгон. Анда 56 жаштагы аялдын үйүнө белгисиз адам терезе аркылуу кирген.

"Ошол учурда ойгонуп кеткен аял кылмышкерге каршылык көрсөтүүгө аракет кылган. Бирок кылмышкер аялга 8 жолу бычак сайып, үйүндөгү 18 миң сомду алып качып кеткен. Ошол түнү жабырлануучу үйүндө жалгыз болгон. Денесинен алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1999-жылы туулган Т.А. кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат Баткен ОИИБинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
voennyi88
2017-08-31 12:31:50
Акмакчылык,акмакчылык,акмакчылык.
+2
KUBI
2017-08-31 12:32:12
Жаш эле бала турбайбы, адал эмгек кылып акча тапса болот ко.
+7
farida.kg.1991
2017-08-31 14:32:55
өзүнүн шафёру бет кап кийип кирген экөөвү кошуна жашайт Зулпия эже закста иштеп жүргөн.
+2
sara90
2017-08-31 15:00:12
murdunun mankasy toktoi elek chychkak bala ekensin taza jawoogo uironboisunbu oz apanan da uluu aialga kol salupsun..emiten uwundai jawoogo konson 25ten awkanda ne bolot deim da...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан