Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында бүгүн, 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына арналган майрамдык концерт өттү. Концерттин башталышында Гүлзат Байзакова "Ак-Шоола" балдар хору менен бирге сахнада жагымдуу чыгарманы аткарышты.
Андан сырткары Япониядан келген ырчы Мита Рё кыргыз кызы тууралуу кыргыз тилиндеги чыгарманы жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Ошондой эле Султан Каримов, Дастан Осмонов, Замира Мавлянова өңдүү ырчылар концертти көрккө бөлөшүп, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы оркестр классикага айланган чыгармаларды аткарышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Ыбыкеев "Алтынчы күнү кечинде" ырын оркестрдин коштоосунда аткарды.