Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 26-29-август аралыгында өткөн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында шахмат боюнча өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке жалпы эсебинен өлкө аймагынан 35тен ашык шахматчы катышкан.
Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:
1-орун - Жаныш Арстанбеков;
2-орун - Сергей Бондаренко;
3-орун - Мурат Омурзаков.
Угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:
1-орун - Назар Тихончук;
2-орун - Алмасбек Абдыбаитов;
3-орун - Эдуард Ким.
Автор: Нурсултан Нурболот уулуФото: V Sport агенттиги