Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата борбордук аянтта өткөн салтанаттуу иш-чарадан фоторепортаж

Бүгүн, 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы өлкөбүздүн бардык аймактарында салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Алсак, Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында алгач президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтүп, андан соң ырчылар майрамды көрккө бөлөштү.

Салтанаттуу концертте Гүлзат Байзакова, Султан Каримов, Дастан Осмонов, Замира Мавлянова жана башка эстрада жана опера ырчылары өлкөгө болгон сүйүүнү даңазалаган чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле орус улутунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн ансамбль кыргыз тилиндеги чыгарманы ырдап беришти. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Ыбыкеев "Бишкегим", "Алтынчы күнү кечинде" ырларын жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырдап берсе, Япониядан келген ырчы Мита Рё "Кыргыз кызы сүйгөнүм" аталышындагы романтикалуу чыгарманы бериле ырдап, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы үйлөмө аспаптар оркестри классикага айланган кыргыздын жана дүйнөлүк чыгармаларды аткарышып, комузчунун аткаруусундагы Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн коштоп турушту.

Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсү оркестр жана комузчунун аткаруусунда
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Ыбыкеев - "Бишкегим"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamirbekorozalimovkg
2017-08-31 18:00:29
Ай ий майрам сонун болуп жатканго кутуп тур Атамбаев мен ош базарына келип калдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан