Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз дзюдочулары Владимир Золоев жана Мээрим Момонова алгачкы беттешинде жеңилип калды.
Бүгүн, 31-августта аталган мелдеште 2 салмак ченинде беттештер орун алган. Анда эркектер арасында 81 килограммга чейинки салмакта Владимир Золоев алгачкы беттешинде ирандык Саид Моллаи менен кез келген. Беттеш 6 мүнөткө созулуп, жыйынтыгында ирандык спортчу Владимир Золоевди көтөрүп чаап жеңишке жеткен.
Кыз-келиндер арасында 63 килограммга чейинки салмакта Мээрим Момонова монголиялык Гангхайч Болдго туш келген. Беттештин жыйынтыгында монголиялык спортчу 1 упайга ээ болуп жеңүүчү болду.
Муну менен 4-күн катары менен Кыргыз спортчулары жеңилүү ызасын тартып жатышат.