Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогуна арналган мелдеште "Достук" командасы 1-орунду жеңип алды.
Бүгүн, 31-августта көк бөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн президентинин кубогунун алкагында финалдык беттеш орун алды. Анда "Достук" командасы "Мурас" командасына туш келген.
Беттештин жүрүшүндө "Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов алгачкы болуп атаандашынын тай казанына улакты таштап эсеп санын ачкан. Ага "Мурас" командасы Чубак Нурмамбетовдун таштаган улагы менен жооп берген. Беттештин жыйынтыгында 4:3 эсеби катталып "Достук" командасы жеңүүчү аталды.
Эске салсак, кечээ, 30-августта 3-орунга болгон беттеште "Биримдик" командасы жеңишке жеткен.
Байге фонду:
1-орун: "Достук" - 500 миң сом;
2-орун: "Мурас" - 250 миң сом;
3-орун: "Биримдик" - 100 миң сом.
Мыкты оюнчу: Байыш Ниязов - 10 миң сом.