Кыргыз боз үйү Германиядагы этнологиялык музейге коюлду (фото)

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата кыргыз боз үйү Германиянын Гамбург шаарында жайгашкан этнологиялык музейге тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда аталган шаардагы кыргыздардын бири Айзада Акбекова SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 31-августта колунан көөрү төгүлгөн уз Турду Кыдырбаеванын беш канат, жүз баш кыргыз боз үйүн Гамбург этнологиялык музейине белекке берүү аземи өткөрүлдү. Иш-чара "Манас" айтуу, ыр, бий, комуз чертүү менен коштолду. 1980-жылдардын башында бул боз үйдүн кээ бир элементтери "Ак илбирстин тукуму" тасмасында Мундузбай байдын үйүнүн жасалгасына колдонулуп, "Манас" эпосунун миң жылдыгында дагы байгелүү орунга илинген экен", - деди.

Айзада Акбекова боз үйдү музейге тапшыруу үчүн 4 жылдай убакыт кеткенин кошумчалады. Ошондой эле музейде 50-100 жыл мурун тапшырылган ирандык түркмөндөрдүн, моңголдордун жана казактардын боз үйлөрү бар экенин, музейдин жетекчилери көркөмдүгү жагынан кыргыз боз үйү биринчи орунда турарын айтышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akzholtoi_Zhamashbekova
2017-09-02 02:53:57
Соонун!!!
0
Blume_gul
2017-09-03 05:07:18
Azamatsynar! Abdan jakwy bolgon eken, syimyktanyp jatam!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан