Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Мелдештин 5-күнү татамиге Азамат Бектурсунов жана Фарух Булекулов чыгышат

Бүгүн, 1-сентябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда татамиге эки Кыргыз спортчу чыгат.

Аталган мелдештин 5-күнү эркектер арасында 90 килограммга чейинки салмак ченинде беттештер өтөт. Анда татамиге Азамат Бектурсунов жана Фарух Булекулов чыгышат.

Эске салсак, буга чейин Алмаз Алтынбек уулу, Артур Тё, Отар Бестаев, Баяман Сагынбай уулу, Бектур Рысмамбетов, Ксения Бельдягина, Владимир Золоев жана Мээрим Момонова атаандаштарына жеңилип, медалдар үчүн күрөштү токтоткон.

Бүгүн беттеше турган Кыргыз спортчуларынын атаандаштары:

Азамат Бектурсунов - Кохей Кохагура (Филиппин);

Фарух Булекулов - Якхои Имамом (Өзбекстан).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
legion-arbat
2017-09-02 17:07:32
Оюндун жыйынтыгы не болду айтып койгулачы ар кай жактан издетпей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан