Оренбург шаарында өткөн эл аралык "Чыгыш жана батыш. Классика жана авангард" аттуу кинофестивалда Бакыт Мукулдун жана Дастан Жапар уулунун "Атанын керээзи" атту көркөм тасмасы мыкты режиссёрлук иш үчүн сыйлыкка татыды. Бул тууралуу тасманын жаратуучулары кабарлашты.
Белгилей кетсек, бул көркөм тасма көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Алардын ичинен Италиянын Маркония шаарында өткөн "Лукания" эл аралык кинофестивалында 2 байгеге ээ болушкан, Индиянын Патна шаарында өткөн фестивалда баш байгени утуп алган.
Ал эми өткөн жылы Минск шаарында өткөн "Листопад" эл аралык кинофестивалында 3 сыйлыкка жана башка көптөгөн абройлуу сыйлыктарга ээ болгон.