"Манас оюндары-2017": Нарын облусунун курама командасы эр эңиш боюнча мелдешти жеңип алды

Кечээ, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "Манас оюндары-2017" алкагындагы эр эңиш боюнча мелдешти Нарын облусу жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 9 командадан 45 спортчу катышкан. Мелдештер 5 салмак ченинде өткөрүлгөн. Алар 60, 70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогорку салмак ченинде беттештер орун алды.

Мелдештин жыйынтыгы:

1-орун: Нарын облусу;

2-орун: Ош облусу;

3-орун: Талас облусу;

4-орун: Чүй облусу;

5-орун: Жалал-Абад облусу;

6-орун: Баткен облусу;

7-орун: Ош шаары;

8-орун: Бишкек шаары;

9-орун: Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KUBI
2017-09-01 13:35:19
Талас биринчи дейби.
-4
ukmuw-ukmuw
2017-09-01 22:53:05
Нарын моладцы!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан