Кечээ, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде "Манас оюндары-2017" оюндарынын алкагындагы тогуз коргоол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анда командалык эсепте Бишкек шаарынын курама командасы алдынкы орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 9 командадан 72 спортчу катышкан. Мелдеш 2 этапта өткөрүлгөн, 1-этаптын жеке беттешинде спортчулар швейцариялык системде күч сынашса, 2-этапта "play-off жана 2" системинде командалык беттештер орун алган.
Жеке беттештер боюнча мелдештин жыйынтыгы:
Эркектер арасында:
1-орун - Сырттан Сыргак уулу (Чүй облусу);
2-орун - Марлис Дуулатбеков (Бишкек шаары);
3-орун - Анарбек Жамакеев (Бишкек шаары).
Кыз-келиндер арасында:
1-орун - Чолпон Кендирбаева (Ысык-Көл облусу);
2-орун - Аида Турдалы кызы (Нарын облусу);
3-орун - Мадина Курманбекова (Ысык-Көл облусу).
Командалык беттештер боюнча мелдештин жыйынтыгы:
Эркектер арасында:
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Нарын облусу;
3-орун – Ош шаары;
4-орун – Чүй облусу;
5-орун – Талас облусу;
6-орун – Ысык-Көл облусу;
7-орун – Ош облусу;
8-орун – Баткен облусу;
9-орун – Жалал-Абад облусу.
Кыз-келиндер арасында:
1-орун – Бишкек шаары;
2-орун – Талас облусу;
3-орун – Нарын облусу;
4-орун – Ош облусу;
5-орун – Чүй облусу;
6-орун – Ош шаары;
7-орун – Ысык-Көл облусу;
8-орун – Баткен облусу;
9-орун – Жалал-Абад облусу.