Иран өлкөсүнүн түштүгүндө автобус оодарылып, 12 окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктан 33 окуучу түрдүү жаракаттарды алышкан. Азырынча жол кырсыгынын себептери белгисиз деп айтылат маалыматта.
Кырсык Хормузган провинциясынын Шираз шаарында болгон. Атайын кызматтар унаа кырсыгынын себептерин аныктоо аракетин көрүүдө.