Казакстандын Алматы шаарында 19-20-май күндөрү Борбор Азия өлкөлөрү арасында өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык Бектур Чокоев 2-орунду ээледи. 200 метрдик узундукка чуркаган мекендешибиз 24,12 секунддун ичинде марага жетип келген. Ал эми 1-орунду ээлеген жөө күлүк 24,07 секунд ичинде марага жеткен. Мелдешке Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышкан.