Москвада теракт уюштуруу аракетин көргөн Өзбек жараны кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, М.Кодиров аттуу Өзбекстандын жараны 1-сентябрда теракт уюштуруу аракетин көргөн. Ал эл көп чогулган жерде жардыруу уюштурмак болгон. Анын "Ислам мамлекети" тобунун активдүү мүчөсү экендигин, ага аталган топ жардырууну уюштуруу көрсөтмөсүн бергенин прокурор айтып чыккан.
Кодиров Москвада 2017-жылдын март айынан бери жашап, иштеп келген. Анын жубайы жана балдары мекенинде калышкан. Кармалган жаран 31-октябрга чейин тергөө абагына камакка алынды деп айтылат маалыматта.