ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: 16 сутка комада жатып эсине келген белгилүү актёр Евгений Леонов 91 жыл мурун төрөлгөн

Белгилүү орусиялык актёр Евгений Леонов мындан 91 жыл мурун, 1926-жылы 2-сентябрда Москвада инженерлердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Өзгөчө келбетке ээ баланы 5-классында эле режиссёрлор байкап киного чакырышкан.

Евгений Леонов 7-класста окуп жаткан маалда Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Согуш учурунда Леоновдор үй-бүлөсү менен темир ширетүүчү цехте эмгектенишкен.

1941-жылы актёр авиациалык окуу жайга тапшырып, үчүнчү курста окуп жаткан маалда чыгып кеткен. 1948-жылдан тартып Константин Сергеевич Станиславский атындагы театрда ойной баштайт.

1954-жылы Евгений Леонов өзүнүн эң биринчи эпизоддук ролун "Деңиз аңчысы" аттуу тасмада жараткан. 1968-жылдан баштап Владимир Маяковский атындагы театрда эмгектенген. Бул театрда актёр өзүнүн эң мыкты ролдорунун бири болгон "Ванюшиндин балдары" аттуу пьесада Ванюшиндин атасынын ролун жараткан.

Актёрго атактуулукту "Ала-була рейс" тасмасы алып келген. Белгилүү актёр өзүнүн жөнөкөйлүгү, жумшактыгы, жана өзгөчө драмалык таланты менен айырмаланып турган. Көп учурда терс каармандардын образын жаратканына карабастан, актёрдун ар бир каарманы кандайдыр бир өзгөчө мүнөзгө ээ болгон.

"Винни-Пухтун" үнүн коштогон

Тасмага тартылуу маалында Леонов дээрлик гримди колдончу эмес. Актёр өзгөчө келбети менен ар бир образды ийине жеткире бере алган. Мындан сырткары актёр мультфильмде белгилүү "Винни-Пухтун" үнүн коштогон. 1988-жылы актёр клиникалык өлүмдү башынан кечирген. Германияда гастролдоп жүргөн убакта актёр инфаркт алып, комада 16 сутка жаткан. Ага карабастан Леонов өз ишине 4 айдан кийин кайтып келген.

Ал 1994-жылы 29-январда көз жумган. Актёр элдин эсинде өзүнүн "Ийгилик мырзалары" , "Ала-була рейс", "Чоң танапис" аттуу тасмаларындагы жараткан образдары менен калган.

"Ийгилик мырзалары" аттуу тасмада жараткан "Доценттин" ролу жана анын “Уурдадың, ичтиң - түрмөгө түштүң! Мына сага, романтика!” цитатасы актёрго болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келген.

Жеке жашоосу

Евгений Леонов эки жолу үйлөнүп, эки уулдун жана бир кыздын атасы болгон. Актёрдун артында калган Андрей аттуу уулу атасынын жолун улап, азыркы тапта театр жана кино актёру болуп эмгектенет.

2-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulik.uma04
2017-09-02 13:01:02
Жакшы актёр. Джентлимени удачи кинодо сонун роль жараткан доцент болуп.Алексей Крамаров Евгений Моргунов Юрий Никулин Георгий Вицин рэднап Муратов Александр Демьяненко-ушул актёрлерго жетпейт эч бириси
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан